желеле

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Желеге байлоо, желеге тизүү.
  2. Желе тартуу, желе жасоо, желе тор пайда болуу.
  3. Катар тизүү, катарлашып тизмектелген абалга келтирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үрпөңдөбөй коркконсуп, / Желелеп бээң байлагын, / Четинен уурдап жебесин, / Жайытын күндө айлангын, / Башкарып алгын малыңды, / Багып жаткын жаныңды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Баардыкка тегиз той болуп, / Калчалар көрдү пайданы, / Желип чыгар тай жогу, / Желелеп кулун байлады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Желеленген жашыл кум, / Бүгүн да бар ушул кум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…о калды көп чайлап, / Койо берчүү жеринен, / Үч күн атты өргүтүп, / Балдардын кардын тойгузуп, / Баарын тегиз сийгизип, / Аттарга кайра мингизип, / Катар тизип желелеп, / Суулукка суулук тийгизип, / Оомийин деп жар салып, / Кудай бетин салбасын, / Катар кеткен күлүктүн, / Аркасында чаң калып, / Күнү- түнү болгондо, / Бууданда… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →