желек2

китептерде 143 жолу, 10 китепте желек 1 →
  1. диал. Кебез салынбай тигилген, жакасыз жука чапан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өмүр жандын Кызылкыз, / Он эки кабат ордодон, / Ойу менен тиктирди, / Көрүп көргөн башкадан, / Жетини алып келтирди, / Түндүккө желек байлады, / Байланган желек жети түр: / — Жети бакшы үйгө кир, / Айгай салып бакыр деп, / Жин перини чакыр деп, / Жин баашасы Жылызы, / Алдырып келгин азыр деп,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көрпөчөнүн бүгүштө, / Бүктөлүү болчу мына бу, / Тартып алды желекти, / Таанымал элге керекти, / Найзага темир аштады, / Айчыгы алтын чоң тууну, / Ашкере сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кернейдин үнү баркылдап, / Сурнайдын үнү чаңкылдап, / Ак асаба көк желек, / Кызыл белги кара туу, / Санаты жүзчө жалпылдап; / Андан бери караса, / Эки караан келатат, / Учкан куштай закымдап, / Жетер-жетпес алды-арты, / Бирин-бири такымдап, / Келайтышты бөлөкчө, / Ыраактабай жакындап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буйрукту сенден алгамын, / Токтобой жетип баргамын / Желбегей желек жамынып, / Турган экен Чачыкей, / Учурап ага калгамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Манастын кызыл желегин, / Бир азамат көтөрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →