желдик
- Ээрдин эки капталына бастырылып, тердиктин үстүнөн коюла турган, кат-кат кылып шырылган ат токулгасынын бир бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Найза өтпөс, ок өтпөс, / Өгөтүп туруп болоттон, / Ширелткен экен тердигин, / Сары жез менен каптаткан, / Быйданадан желдигин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Суудан чыга бергенде, / Кеңкула калды шалдырап, / Кийген кийим ээр-токум, / Суу болуп баары шалбырап, / Тердик менен желдиктен, / Агып суусу тамчылап, / Жана жүрдү Кененим, / Ат айабай камчылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Желдигине баатырдын, / Быйданадан чаптаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ — Алты кат тердик бир желдик, / Алты бүктөп капшырдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Эми башыбызга жеткен күнү тердик, желдик, тийип калат да, жетпеген күнү бу да жок.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →