желдет1
- Эзүүчүлөр коомунда өлүм жазасына тартылгандарды өлтүрүп, уруп кыйноо кызматын аткарган адам, баш кесер.
- Кызматчы жигит.
- тар. Кандайдыр бир жогорку мансаптагы адамды, көбүнчө монархты кайтаруучу сакчы, аны ээрчип, көбүнчө зордук-зомбулук көрсөтүүчү кызматкери, жигити.
- өт. Киши өлтүрүүдөн да кайра тартпаган ырайымсыз, таш боор, канкор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Алып келе калышып, / Куйрук койуп, май койуп, / Куймак койуп, бал койуп, / Канык кара чай койуп, / Бар тапканын тажиктер, / Көкбөрүгө жай койуп, / Тайар болуп желдеттер, / Кызмат кылып калыптыр, / Көкбөрүгө көрүшүп, / Каракөз, Тете, Салаалар, / Булар жетип барышты, / Көкбөрү менен көрүшүп, / Жабырашып калышты, / Жедигердин Кар…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– деп, / Желдеттери дапдайар, / Жыйырмасы келди жыйылып, / Укмамыш болуп жер тиктеп, / Ырыскан турду кылыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
– деди, / Башын кесип таштап кой, / Кана желдет тарт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Тапан хан, / Шум канчыктан кеп угуп, / Көбү какшык, азы акыл / Айабаган жеме угуп, / Жетик акыл айтты, деп / Эл бузулуп кете алгыс, / Мен айланы таптым, деп / Желдеттерин шаштырып, / Чойтолоңду чакыр, деп / Желдеттери далдаңдап, / Алып учуп калдаңдап, / Чойтолоңго барышты, / Хан чакырат сени, деп / Айтып кабар салышты, / Койгон …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
– Чалды дарга тарткыла, – деп желдеттерине буйрук берет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →