желде

китептерде 28 жолу, 9 китепте
  1. Жел жүрүү, бир аз жел болуп туруу.
  2. Бир аз салкындап, серүүндөп алуу, желге чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…аскытып тур, деди, / Менин көргөн-билгеним, / Уксаң, баатыр, бул – деди, / Карбаластап Көкүмдүн, / Келиш жайым ал, — деди, / Угуп туруп Орунбай, / Ачынып жүрөк желдеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Атамды эстеп кунун кууп, / Жүрөгүм ысып желдеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кесилет өлүп Дабытай / Жетимиш аркан тор менен, / Байланганда Кененим, / Таманы менен жер баспай, / Таркыла деп бакырып, / Желдеп турган Дабытай, / Кесилет деми суудай сууп, / Кеп айталбай буулугуп, / Керсары тартып өң кетип, / Заманасы куурулуп, / Буйрук берди аскерге, / Жааган күндөй ко… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Ал экөөнү көргөндө, / Ар неме ойлоп ичинде, / Алып учуп желдеди, / Тынчтык бир дем бербеди: / “Атам душман болоордо, / Так ушундай бир белги, / Көрдүм эле мен – деди, / Кытайдын чети күн чыгыш, / Кара жүз каапыр эл – деди, / Уккан жерде жүрөгүм, / Тийгендей камчы зилдеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бадырек маңгыт келгени, / Томсоруп турган эл үчүн, / Токтобой жүрөк желдеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →