желбире

китептерде 9 жолу, 6 китепте
  1. Желге ыргалуу, желп-желп этип кыймылдоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көкбөрү жуткуч жол баштап, / Хан Каракөз кол айдап, / Жер сойулуп дүңгүрөп, / Байрактары желбиреп, / Коросон, испан, тажиктин, / Чамалаш тили бир экен, / Баарысынын үстүндө, / Көкбөрүсү пил экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Апысы менен Напысы, / Болуп жаткан шамалды, / Токтото булар калышты, / Эки элде тең сыйкырдын, / Бар экенин байкашты, / Утур алды беттешпей, / Ушинтип күчүн чакташты, / Шамал чыгып, күн жаабай, / Тынч алып калды жайланып, / Желбирете туу сайып, / Буйрук берди Чынаача: / — Майданды көздөй чубур! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…та Чүрөк кеп уккан: / “Айаш ата Момунжан, / Эшигинин алдында, / Ак байрак-желек” деп уккам, / Элден эркин бир жерде, / Суу бойунда ээн жерде, / Ак желек турган желбиреп, / Ак сакал адам олтурган, / Кебездей бети мелтиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бермети беттен төгүлгөн, / Бешене жарык көрүнгөн, / Саамай чачы бириндеп, / Салынып жерге желбиреп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Өрүүн болуп Калдуубет, / Түшүп жаткан кез экен, / Чокчо деген неменин, / Кайраты өтө тез экен, / Калдуубетке барыптыр, / Минтип сурап калыптыр: / — Кайкыда байрак желбирейт, / Жанында аскер көрүнбөйт, / Бул эмне шумдук? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →