желбегей

китептерде 38 жолу, 8 китепте
  1. Эки жеңин кийбестен, үстүнө жеңил жамынган абал.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жети суудан жем жеген, / Желбегей Сыргак бүркүттөй, / Желигип турат Бекбача, / Алп кара куш кептенип, / Теминип турат Бекбача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түшүп өтөөр бекен, деп, / Жакасынан кол кетпей, / Жаратканга жалынып, / Желбегей ичик жамынып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Желбегей чапан жабынып, / Эки жеңи салынып, / Эр Манастын үйүнө, / Басып кирди далыйып, / Кыраандын баары ошондо, / Кырка отурган кырк чоро, / Эшиктен бийи киргенде, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буйрукту сенден алгамын, / Токтобой жетип баргамын / Желбегей желек жамынып, / Турган экен Чачыкей, / Учурап ага калгамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Как ошонун тушунда, / Желбегей Семең отурган, / Сыр коргондун кырында. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →