жел2
- Катуу басыктан ылдам текиреңдеп жүргөнгө жетпеген жүрүш менен жүрүү, жорто жүрүү.
- Ылдамдай өтүү, ылдамдаган жүрүштө болуу.
- Ныгыра-ныгыра басуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…н малынын, / Азы-көбүн эске алып, / Таратып элге бердирип, / Аш-тамагын жегени, / Бүлдүргөчө бир нерсе, / Олжо буйла дебеди, / Жүрүп кетти Бекбача, / Эл аралап желдирип, / Котен жеркен-буларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…а, / Кулактан Тору ат тартканда, / Жыдыгы чыккан аз заман, / Толгон капыр ал чакта, / Толкуну көлдүн шары өңдүү, / Чоңдугу төөнүн нары өңдүү, / Салкыны сырттын жели өңдүү, / Ысыгы жайдын күнү өңдүү, / Көргөндүн баарын жадатып, / Күркүрөп чочко жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Алакандай кыргызга, / Акыр-такыр салам, — деп, / Ай-ааламдын бар кегин, / Манастан бүгүн алам, — деп, / Койколоңдоп талаада, / Желип жүрөт Чынаача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кызылдан кылдап кийгиздим, / Желбестен жорго мингиздим, / Манастын уулу деп жүрдүм, / Качан башка дегиздим?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жел бардык күчүн жыйнап келип урганда, жаман үзүк делпилдеп, үйдүн жыгачтары кычырагандай болот, ирегеде чийдин бир жыртыгынан эрегишкендей борошо кирип, айдап алган карды коломтого чейин буркуратып таштап турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →