жекир
- Орой жемелөө, кекетүү, зекип тилдөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жекирик кылып хандарга, / Ушул жерде бар жанга, / Жол берген жок Суумерген, / Үйүнө киши барганга, / Айтумуш, Чынгыш күбүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Деп жекирип турганда, / Кененим киши жиберди, / Ээсиз калган элди деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кебез белбоо кең өтүк, / Кечилдердин Коңурбай, / Алды-алдына туйдурбай, / Бирден-бирге барганда: / “Бириндетип алдайлы, / Билгизбей сойуп жайлайлы, / Санаасын элдин жандайлы, / Арты-артынан чуратып, / Аттын оозун тыйбайлы, / Тизгинди кайра жыйбайлы” / Деген кепти жеткирип, / Желип жүрөт жекирип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олжо алса тулпарын, / Өлүгү калар эле деп, / Талап кытай кеткенби, / Тал-тал кылып кескилеп, / Үзүктөй калпак Шуутуну, / Ойоң Алмаң жекирет: / — Баш кишиң Чубак шер — деди, / Аскер башчы сен-деди, / Айтпадым беле башында, / Баарыңарга мен — деди, / Баш кишиңди акмалап, / Байкап жүргүн такыр деп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Буларды шаардын кылда башындагы бир чоң көчөгө ийрип алып ортосунда бир кара аргымакчан жаш жигит бардыгеринче шакылдап сүйлөп казак орустарды жекирип сөгүп турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →