жекече
- Жалгыз өзү, өзүнчө, айрым.
- Айрым, бөтөнчөлөнгөн, өзгөчөлүгү бар. Ар бир окуучунун жекече мүнөзүн билүү керек.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үйдө олтуруп мактансаң, / Тону талкан кыласың, / Оозуңан отуң буркурап, / Ажыдаардай кыйасың, / Эртең менен алдыда, / Жекече кимиң барасың, / Тапан хан айтып болгунча, / Жагалданып Жаркабак, / Муну айтып жар салат: / — Мен барамын алдыда, / Кожен менен Тердебес, / Баатырдык жолун түк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жекече чыгып майданга, / Орок кырды сойлотуп, / Бала баатыр атанып, / Байтайлакка даңк калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →