жекендүү
- Жекени бар, жекен өскөн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мындан нары сен барсаң, / Жекендүү көлдүн башында, / Шабырлуу көлдүн жатында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Ушул кебин укканда, / Буурулдун башын бурду эми, / Абасы Бакай ээрчитип, / Артынан жүрдү чунагы, / Жекендүү көлдө басты эми, / Шабырлуу көлдү ачты эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Андан айла болбосо, / Өрдөк көлдөн өткөндө, / Эр Семетей баатырың, / Куш салаар маалы кеткенде, / Жекендүү көлдүн жээгинде, / Кошулган камыш тээгине, / Шабырлуу көлдүн чатында, / Аккуу болуп жатпасам, / Башымды көлгө малбасам, / Балырды сууруп албасам, / Куукуулап о…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Төрткөлдүн төмөн жагынан, / Төрөмдүн сайган багынан, / Баркөлдүн маңдай жагынан, / Бакайдын салган тамынан, / Жекендүү көлдүн ойунан, / Жергенин сары талаадан, / Аз олуйа Баркөлдүн, / Кыз олуйа Кеңколдон, / Алакөлдүн кашынан, / Айдын көлдүн сазынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →