жекен
- Сабагы жумуру жана узун келип, суу жээгинде, сазда өсө турган өсүмдүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мурду сеңир кырчактай, / Муруту камыш жекендей, / Оозу үңкүрдөй карарып, / Камандай тиши агарып, / Каалгадай тиштери, / Көрүнүп турат саналып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эркиндеп өскөн мен камыш, / Сен сууда турган жекенсиң, / Тагдырың ушул белем, дейм, / Сөөгүңдү алар киши жок, / Бул дүйнөдөн кетерсиң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жекендей болгон бир жанмын, / Жергелеш жок бутагым, / Өңгөдөн мага жардам жок, / Өзүңө жаным тапшырдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бүркүттөрү үзүктөй, / Чычкандары күчүктөй, / Жекендери челектей, / Балтырганы билектей, / Маралдарын карасаң, / Мала кашка инектей, / Ор койону улактай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…нсиң, / Кара күчкө калп эле, / Калдаңдаган экенсиң, / Кайсы экениң белгисиз, / Дардаңдаган экенсиң, / Кыз алам, деп ашыгып, / Салбаңдаган экенсиң, / Камыш эмес жекенсиң, / Кыз алам, деп ашыгып, / Бекер келген экенсиң, / Кыз алам деп оогандан, / Аттаныпсың анталап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →