жекеме-жеке
- Бетме-бет, бирме-бир бет келген абал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жекеме-жеке болбогун.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Башынан ылдый көз салып, / Мазмунуна караса, / Тополоң салбай турушуш, / Жекеме-жеке урушуш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– Андай болсо кел, сен биз менен жекеме-жеке ойноп жеңип ал, кыйын болсоң, эгер женилсең мал-мүлкүн биздики, – дешет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →