жекелеш
- Жекеме-жекеге чыгуу, жекеге чыгып кармашуу, бирме-бир салгылашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жекелешип эр келсе, / Качкан болуп жөнөйлү, / Өчүгүшүп эр сайып, / Алдамына көнбөйлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жекелешип жүрбөйлү, / Жекеге барып бир-бирден, / Өлүп кетип кокустан, / Жетелешип жүрбөйлү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Акылым айтам баарыңа, / Жашырбаймын дегеле, / Жекелешип урушуп, / Ал келбестей Кененге, / Акылды арбын жыйалы, / Кызык жумуш кылалы, / Эртеңден баштап бөлүнүп, / Үч бөлүнүп чыгалы, / Туш-тушунан кыргызга, / Кылгылыкты кылалы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жекелешип эр сайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бирге келген жанында, / Ыкбалчы деген бар эле, / Куунайзага жанашып, / Айткан сөзү мына бу: / — Жаныңда сенин жүргөлү, / Далай жыл болду болжолу, / Жекелешип эр сайыш, / Мундай жумуш болбоду, / Өзүң чапсаң далбактап, / Анда жакшы болобу?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →