жекеле
- Жеке-жеке болуу, өзүнчө болуу, өзү жалгыз чыгуу, жалгыз аракет кылуу, жеке бөлүп коюу.
- Жалгыз кишиге эки же андан көп киши каршы чыгып, көптөп кетүү, жалгыздап, жалгызсынтып кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ыгып эңишке, / Эрегишип эңишип, / Эңген балбан дардактап, / Эки буту салбактап, / Байгесин алып колуна, / Териге сыйбай далактап, / Эңдирген балбан томсоруп, / Жекелеп элден компойуп, / Элден мурун кээ бири, / Жүрүп берет комдонуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жекелеп келген Талана: / — Жекеге келдим мен сага, / Жиним келип козголдум, / Табылбайт бүгүн саа даба.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аз аралап, көп барбай, / Тапан хандын элине, / Аралышып кете албай, / Жекелеп жүрөм эмгече.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Алдынан тосуп найзалап, / Аралап кирип кылычтап, / Белден тосуп мылтыктап, / Жекелеп чыккан немесин, / Семетей менен кара дөө, / Жер жазтантып жалмады, / Алдына карай оозгонду, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Жебе менен жайлады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жайнап аскер аттанды, / “Жыйырмасы өлдү кечээ, — деп, / Бирден чыгып жекелеп, / Эркине койсом буларды, / Бүгүн калбайт бирөө, — деп, / Өзүм Ойрот барам, — деп, / Буйта баштап өлгөндүн, / Өчүн мындан алам, — деп, / Кыргыздан келип Сомбил…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →