жейрен
- Кумдуу, чөлдүү жерлерде, талааларда жашоочу кийиктин бир түрү.
- Кызгылт саргыч, жээрде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бешимде жетти Тайчабар, / Майторудай бууданга, / Кененим кебин угузду, / Асыл өңдүү балага, / Кайаша айтар чама жок, / Касийеттүү атага, / Бура тартып жөнөдү, / Кайра артына Таласка, / Тайчабар, Асыл жанаша, / Көргөн элең тамаша, / Учурады беш жейрен, / Жолдо кетип баратса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…оп эркин жай, / Өрдөгүн атып сазынан, / Аркарын атып адырдан, / Текесин атып ташынан, / Кулжасын атып төрүнөн, / Бугуну атып черинен, / Маралды атып аралдан, / Жейренди атып сай-сайдан, / Кыргоолун атып токойдон, / Уларын атып тоолордон, / Кулатып теке зоолордон, / Сонун кумар жаш өмүр, / Сүрбөйт беле Чигитей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Найзаны кармап кезендим, / Алачыктай Коңурдан, / Айырбай көзүн тиктедим, / Кыл жейрен оозун бурбастан, / Качырган бойдон жеткемин, / Найза менен бир муштап, / Алгаранын үстүнөн, / Аңтара сайып өткөмүн, / Аңгычакты болбоду, / Жазайыл мылтык, жаа …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ан желмогуз, / Аркар болуп арбаңдап, / Адыр жакты бет алып, / Арышын керип дардаңдап, / Аркадан чаңы бурулгуп, / Топурак учуп уйулгуп, / Эңишке кире берерде, / Жейрен болду кубулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Шоошактын башын чалбаган, / Чуңкурга келсе аттаган, / Жекендин башын чалбаган, / Жейренге жетпей калбаган, / Күрүчүн күрдүк айдаган, / Күлүктөрүн карасаң, / Күрүчкө жемдеп байлаган, / Күндө жарак шайлаган, / Арпасын күздүк айдаган, / Аттарына карасаң, / Арпага жемдеп байлаган, / Айда жарак шайлаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →