жедеп

китептерде 11 жолу, 2 китепте
  1. Абдан, өтө, ушунчалык эң эле, акыры.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…шып, / Элден ашкан эрендер, / Эрегишип урушуп, / Олпокторун булушуп, / Опсуз жаман урушуп, / Колтуктарын чойушуп, / Балта, чокмор аралаш, / Чокулата койушуп, / Жедеп шайы кеткенде, / Акакташып солушуп, / Жакадан алып жойушуп, / Алакан тери сойулуп, / Көөдөндөрүн тирешип, / Көпкөчө жүрдү күрөшүп, / Демик басып күп этип, / Ат… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Кантсин байкуш, жедеп сөөгүнөн өткөн соң амалсыз, бизди пааналап келсе керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жедеп түгөнүп, соолуп калганбы — эч кимдин көзүнөн кылайып жаш да чыкпайт... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
«Большевик келет экен» деген сөздөр мурун бир алыскы кабар сыяктанып көрүнсө да, бу күндө жедеп чындыгына жеткендей, андан эч ким качып кутулбай тургандай, не болсо да эми анык болордой көрүнүп турду. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кийин, сыр алышкандан кийин билсем бу да көптү көрүп, кыйынчылыкка жедеп бышкан бир шордуу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →