жаңырыктуу

китептерде 1 жолу
  1. Жаңырып, кайталанып угулган, жаңырыктаган.
  2. Дуу-дуу этип кызуу чыккан, күүлдөп ачык, катуу угулган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Семетейге жакындап, / Болжурап барат Чынкожо, / Туугандыгын аныктап, / Кожурап барат Чынкожо: / — Жаңырыктуу кыйадан, / Жалгыз элең уйадан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →