жаңырык

китептерде 23 жолу, 7 китепте
  1. Бир нерсеге тийип чагылып кайткан, кайра кайталап угулган үн же добуш.
  2. Дуулдап чогуу чыккан, жаңыра чыккан ачык, катуу үн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Туулгага чапканда, / Балтанын сырты чакылдап, / Көөдөнгө найза така-так, / Туулгага балта чака-чак, / Кулак-мээни тундуруп, / Баатырлар үнү бака-бак, / Кош жаңырык шака-шак, / Оттор учуп жылтылдап, / Кан аралаш сары суу, / Заардап агып чылпылдап, / Ачуу келип алаңдап, / Баатырдын бойу кылчылдап, / Азуулары качырап, / Көзд… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Көөдөндөрү жылганын, / Көмөскөлүү жери тар, / Ышкырынып жаңырык, / Заңкайган бийик зоосу бар, / Аржаккы оозу жылганын, / Жери чаңдак шор болчу, / Будурмак адыр коо болчу, / Илгерки өткөн баатырлар, / Ошол жерден жиберип, / Жортуулчудан из чалчуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Өлбөй калган отуздан, / Он беши чокмор күүлөшүп, / Он беши найза сүйрөшүп, / Дабытайлап бакырып, / Майдандын бети жаңырык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…сы, / Торго түшүп калыптыр, / Көрүп көкжал жаңжуңду, / Кудай берген байагы, / Кырк бир шерлик ачуу үндүү, / Арыстан Манас салыптыр, / Баатырдын үнү чыкканда, / Жаңырык тарап асманга, / Суулар толкуп чайкалып, / Тоо токтобой чайпалып, / Кара жерлер танабы, / Үзүлчүдөй баштанып, / Турган булут карарып, / Ар кайда кетип таралып,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Туулгага балта тийгенде, / Тоолордун баары жаңырык, / Не болду деп турган эл, / Акылынан жаңылып, / Алты канат туулганын, / Бешөө кеткен жарылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →