жаңылыш1
- Туура эмес, ката, натуура.
- Кетирген кемчилик, каталык, жаңылыштык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Туйунуп калып Каныкей, / Кардыгачтын суусуна, / Көпүрө салып ошондо, / Напага салып өзүңдү, / Алып келди үйүңө, / Билсем деле билбесем, / Бир жаңылыш кетпесем, / Ат тартышып жүргөндүр, / Сени сурап бул күндө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…тур, / Калкайып көңүл буруптур, / Чакырып алып Серекти, / Кабылан айтып туруптур: / — Алмамбетке барып кел, / Айтып кебиң салып кел, / Жазган катын караткын, / Жаңылыш болуп калбасын, / Аныгы менен өлсө да, / Арманы калбас Байматтын, / Ал буйрукту алганда, / Шылуун Серек мындайга, / Сайасы салкын тереги, / Ар качандан бир кач…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тумшугун катып чурайга, / Жүдөгөн түлкү туманда: / “Беймаал түштү жутчулук, / Барбы, — деп, - мында бир шумдук, / Былк этпей үч күн жаттым, — деп, / Бир жаңылыш барбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— Муну жаңылыш көрсөтүп салды,— деди акырын шыбырап.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок бул жолу жаңылышканымды артынан сездим.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →