жаңылык

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Жаңы кабар, жаңыдан белгилүү болуп жаткан ар кандай окуу, иш, көрүнүш ж.б. – Кош, Жума, кандай жаңылыктарың бар (Жантөшев).
  2. Жаңы түшүмдөн, жаңы жетилген ар кандай жемиштерден биринчи татып, жеп көрүп жаткан даам.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Эч бир өзгөрүш, жаңылык жок. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Бизде эч деле кеп жок, бир гана жаңылык, падышабыз Гүлдүзар деген кызды аламын деп, тою болуп жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Элиңерде эмне жаңылык бар? Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Адил хан "Жоомарт ханды ким кармап берсе, ага Жоомарттын салмагындай болгон дилде беремин" деп жар чакыртты, болгон жаңылык ушул, мындан башка жаңылык жок, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →