жаңыла

китептерде 43 жолу, 9 китепте
  1. Жаңыртуу, которуу, мурунку эскисин жаңы менен алмаштыруу, жаңырган түр берүү.
  2. Улам жаңысы пайда болуп көбөйүү, жаңыдан чыга баштоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

дени бар, / Бул дүйнөгө туралбай, / Буйдалбастан кеткени, / Өчөшүп улам жаңылап, / Калкандары калдаңдап, / Этектери далбаңдап, / Келе берди дардаңдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каңгайлар турат дембелеп, / Каны тартып ичине, / Эр Чигитей эрикпей, / Эр сайышка эңсенет, / Күндөн күнгө күч алып, / Жаңылап кирген эрине, / Башына муңдуу күн салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Быйыл бойду сергитип, / Аттарды жакшы семиртип, / Соот менен олпоктун, / Топчулугун бекитип, / Найзаны ташка түйрөйтүп, / Кылычты чаркка эгетип, / Балтаны ууга сугарып, / Найзанын учун жаңылап, / Бөрү тили чыгартып, / Жаңылап элден кол алып, / Анан барсак кантет, / Күчтү күчкө улантып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…алынча, / Медетти берип барынча, / Чирикти койбой кескилеп, / Кулгуна жерин тешкилеп, / Эбеп менен себептен, / Күндө салып себелеп, / Түлкүнүн өтүн таптырып, / Жаңылап күндө чаптырып, / Кажырдын өтүн алдырып, / Ийлеп туруп салдырып, / Көкжоруну карматып, / Өлтүрбөй тирүү жардырып, / Тазкарынын алдырып, / Ысуулай бойдон таңдыр… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Найза жок колу чолойуп, / Жаңылап найза берерге, / Жанында чоро жок болуп, / Балтаны алып баатырың, / Ат айабай чуу койуп, / Жеткен жерге балта чаап, / Уңгусу тийген жеринин, / Сөөгүн койбой талкалап, / Көз ачырбай жатканда, / Эки имерип чапканда, / Балтасын колдон түшүрдү, / Ал бадырек ыгын таап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →