жаңыл
- Адашуу, ката кетирүү, жаңылыштык жиберүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…аары чилде кыш болуп, / Мындан мурун адамзат, / Көрбөгөн сонун иш болуп, / Манастап баатыр бакырып, / Айкөлдүн атын чакырып, / Үнүн уккан балбандар, / Акылынан жаңылып, / Анча-мынча кишилер, / Ат үстүндө токтобой, / Томолонуп жыгылып, / Карга башы тыгылып, / Ат басалбай калтырап, / Таштар кулап калдырап, / Муздар көчүп шалдыр…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баашалык минген тагым бар, / Маңдайымда багым бар, / Жаакташса жаңылбас, / Иш билги жайым дагы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Байкап турса Карадөө, / Башын салып аскада, / Ортодо чыкты бир адам, / Тигилип тиктеп караган, / Акылынан жаңылган, / Тиштери аппак жаркыган, / Айдай беттен нур тамган, / Бар сайманы алтындан, / Күн чагылып жаркыган, / Тик багып адам көрө албайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ээрчип аттым шыкаалап, / Аткан мылтык жаңылды, / Жанымды тирүү койгун — деп, / Мурадил мага жалынды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Мындай кылганда менин келечегим белгилүү болот, анткени кайсыдан соң кайсы үйдүкү бышарын жаңылбай белгилеп алып, баарынан кур калбай биринен сала биринин үстүнөн чыгып отуруш керек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →