жаңыдан

китептерде 50 жолу, 10 китепте
  1. Эми гана, жаңы гана баштап, жаңы гана киришүү менен, бир аз убакыт мурда.
  2. Кайрадан, кайра баштан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен-мен деген үч балбан, / Катар учту камгактай, / Коркуп турат коросон, / Кырат экен бизди деп, / Бир кишини куткарбай, / Алоолонуп кеңкула, / Жаңыдан кызып алыптыр, / Жанашып шамал жете албай, / Чаңы аркада калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кендирбайдын Керкөкүл, / Жаңыдан колун кураган, / Жалманган жоодон жанбаган, / Табы күчтүү кор экен, / Тамылжып турган зор экен, / Ээрчитип келген кишиси, / Жыйырма беш сан кол экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Найзасы сынып калганга, / Ал Кутургур арданды, / Жаңыдан алып бир найза, / Ого бетер зарданды, / Кайра жаачу булуттай, / Бузулуп өңү карарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каздырган орду Канчоро, / Жаңыдан ойлоп акыл таап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Чарчаган денеме жаңыдан бир кубат кире түшкөндөй сезээр элем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →