жаңы
- Жаңыдан гана жасалган, эски эмес же али эскире элек.
- Мурда болбогон, жаңыдан чыга баштаган, мурда колдонулбаган, биринчи пайда болгон.
- Мурда болгон нерсенин ордуна келген, кайта башынан башталган.
- Азыр эле, мындан бир аз убакыт мурда, жанараак эле.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачанын айтканын, / Жаңы туулган балага, / Ак шамшарын тартканы, / Кабар угуп Бекбача, / Үч күн эстен танганын, / Ордун көрүп Фанунун, / Кой эти бышым жатканын, / Матанын кандай экенин, / Айтып берди бар кебин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карандатпай жаныңа, / Кадемин анын катырдың, / Кара жерге тапшырдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жаңы бышты жазга асый, / Кебетеси ушундай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Карпыктыкына барсам, бир койду жаңы союп, терисин сыйрып жатыптыр.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бирок ошондой болсо да, жерге жаңы чыккан көк чөпкө эч алым жетпеди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →