жаңша
- Куюлуштура какшай сүйлөө, жаагын жанып сүйлөө же ырдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…гы тактага, / Сейтек ээси болгонун; / Тайтору чаап төлгөгө, / Кайып болгон Семетей, / Канчоро менен Кыйаздан, / Майып болгон Семетей, / Кайтып элге келгенин, / Жаңшап ырдап ырчылар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Көктөгү айдын шооласы, / Көлдө бар кургак сайда жок, / Сүйбөгөн адам коногу, / Нанда бар бирок майда жок, / Адашкан жалгыз экенмин, / Айткан менен пайда жок, / Асманда жылдыз шооласы, / Ак музда бар сайда жок, / Арзыбаган меймандар, / Чайда бар, бирок майда жок, / Жалгыздыгым билинди, / Жаңшаган менен пайда жок!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…өздүү, / Бетинде нуру балкыган, / Белинде шамшар жаркыган, / Башында кийген малакай, / Уйутуп койгон алтындан, / Жалгыз кара бир башы, / Далай жоого татыган: / Жаңша арбак, Бакбурчун, / Кайнап жаткан Каканчын, / Алтымыш капка Чынмачын, / Ушулардын баарынан, / Жазганып качан тартынган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →