жаңжал
- Чыр-чатак, уруш-талаш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чигитей айтып ийди эле, / Кубатай кулак салбады, / Ырыскан тыңшап калбады, / Басылбады күчөдү, / Бул экөөнүн жаңжалы, / Бастырып барып Чигитей, / Чылбырдан экөөн кармады: / — Не болдуңар, баатырлар, / Эмне кеп бар айтыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Темир тондуу Шалкымат, / Жез киндиктүү Кикимат, / Тартынбай салып жаңжалды, / Такыр өлүп сулады, / Бүлдүргөчө немесин, / Кыргыз олжо албады, / Кара аскерде жазык жок, / Ханы айдап келди, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Керегеде кылычты, / Кынанынан сууруп колго алды, / Келип түшкөн калмакка, / Калтырбаш салды жаңжалды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Уккан айран калгыдай, / Ошондогу жаңжалга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– "Эмитен жаңжал кылып жүргөн немелер мага кийин кой береби?"- деп төө айнып туруп кетип калды, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →