жаңгак
- Жалбырактары чоң-чоң болуп бийик өсө турган жемиш берүүчү дарак, жыгач өсүмдүгү.
- Сырты катуу кабык менен капталган, ичинде жей турган даны бар ушул дарактын мөмөсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
– деп, / Эртеңге дейре ал жинди, / Эсине келип калар, — деп, / Эңгиреп мендей жаш төгөөр, / Эркечтен укса кабар”, — деп, / Шашкелик жерге урулуп, / Жаңгактуу жерге урунуп, / Аркайган жондур – туу белде, / Атын түшүп откозуп, / Тумандуу күндөй бузулуп, / Шалбырт кардай сызылып, / Алакең жатты үшкүрүп, / Куру санаага …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Алмасы аттын башындай, / Көптүгүнө сан жетпей, / Жаңгагы сайдын ташындай, / Балжуурандын жалбырак, / Башка койгон жаздыктай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…кон бешилик, / Алып келип бердирип, / Коону менен дарбызын, / Торгоч, шабдоол, анжирин, / Алма менен анарын, / Алмурт, нашпут - аларын, / Бийе менен жүзүмүн, / Жангак менен пистесин, / Алтын сары жийдесин, / Түктүү курттай үжмөсүн - / Баарын койду Токто абаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Төө куйрук арча чамалаш, / Койгондой кошуп аралаш, / Жапа өрүк жийдеси, / Алууча жаңгак мистеси, / Кызылчасы кыйырында, / Кыйын көрдү бул жерди, / Кыз Чүрөк сулуу чынында, / Тескейинин баарысы, / Жайкалган шибер ыраңы, / Тоо бөксөдөн өткөндө, / Карагай толкуп буралды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Аюу шектенгендей тыңшап туруп, жаңгак жыгачынын түбүнө жашырынат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →