жаң-жуң

китептерде 2 жолу
  1. Чатакташып, чырдашканда, урушуп калганда бири-бирине карата катуу айкырышып, ажылдашып калган үндү билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Бир күнү кечинде, үйдө отурсак, Байболоттуку тан карса-курс, жаң-жуң эткен бир дабыштар чыгып калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Иңир кирип, жер караңгылап калган, жаңкы жаң-жуң Байболоттуку жакта болуп жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →