жаян1

китептерде 13 жолу, 2 китепте
  1. Чоң балыктын бир түрү (сом).
  2. Эпосто укмуштуудай зор жырткыч балык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кар кызыл жаян болуп калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Жаян балыктын бир жак кабыргасын алтын уук кылып кел, жети күндөн калбагын, жети күндөн калсаң, аялың биздики болот, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Бул дарыяга түшүүгө болбойт, жылан, жаян көп, ал бизди тартып кетет, – деди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
– Мейли,мен түшөйүн, сен менден көзүңдү айырбай тургун, эгерде жаян чыкса ат, – деп мага жаасын берип, өзү сууга кирди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Мен жигиттин кыз экенин анык билип сүйүнгөнүмдөн жаяндын келерин унутуп коюптурмун, кызды жаян тартып кетсе болобу! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →