жашыруун

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Башкалар билүүгө болбой турган, өз ара гана белгилүү, ачык эмес, жабык түрдө, башкаларга билдирбей астыртан, тымызын, жашырын.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тажиктердин Көкбөрү, / Ичи заар, кара жүз, / Жашыруун киши жиберип, / Чынкожо, Толтой, Кыйаздан, / Кабар айтып бу жактан, / Жедигердин элине, / Бүлгүнчүлүк салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Түндөгү элдин ичинде / Бактыбай жок чамасы / Бактыбай анда бар болсо, / Жашыруун уруш кылабы / Эрдигин сатып Бактыбай, / Мындай уруш баштасак, / Хан Каракөз баш болуп, / Кишиң тирүү калабы, / Белгилүү бизге башынан, / Бактыбайдын абалы, / Кыргыз эмес кылымдан, / Издеген менден табабы, / Бактыбайдай баланы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…и чоң кеңеш: / — Жакып менен Кыпчакбай, / Жакын киши Адылбек, / Ушул айткан кебиңер, / Өтө кыйын иш эмес, / Айылда жүргөн кечилдер, / Бекер жүргөн киши эмес, / Жашыруун кылып алалы, / Ичибизден кеп-кеңеш, / Калтырбайлы кечилди, / Аттангының жүрү деп, / Кудай берген мал-пулду, / Куржунга салып пул катып, / Короодо малды жайнаты… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алооке уулу Коңурдун, / Айласы көп Комурдун, / Абыдан жайын уккула, / Алгарасы Коңурдун, / Айбандан башка мал эле, / Анча-мынча кишиден, / Арбы арты ал эле, / Агайар деген жашыруун, / Бир кишиси бар эле, / Жер кучактап кынтайып, / Жыгылбайт каапыр теги эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Тоодо талап менен жашыруун сырды сактап, саргарып мен да ошол күздү күтүп жүргөм. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →