жашыр

китептерде 310 жолу, 10 китепте
  1. Катып коюу, далдаага бекитүү, көргөзбөөгө аракет кылуу.
  2. Каптоо, көргөзбөй коюу, көргөзбөй тосуп калуу.
  3. Көмүү, көздөн далдаа кылуу.
  4. Чынын айтпоо, өз ичинде сактоо, ачыкка чыгарбоо, билгизбөөгө аракет кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жакшылык менен жамандык, / Калемде кеткен жазууну, / Жапкан менен жабылбайт, / Сен жашырып катпагын, / Мен билгеним айтамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кебиңдин айткын ырасын, / Кеп жашырып калп айтсаң, / Чыгарамын жыласың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чыныңда айтсаң жашырбай, / Бул олтурган көпчүлүк, / Өткөн ишке кайгырбайт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул тигинден жашыраак. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Сенин айтканың чын экен, – деп досуна баягы сөздү жашырбай айтат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →