жашылдан1
- Жашыл түскө кирүү, көгөрүп-бүрдөй баштоо, чөп, көгөргөн өсүмдүктөр өсө баштоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чакмакташты тар аңдан, / Тартып алды Кардыгач, / Бели үзүлүп кетиптир, / Жашылданып көздөрү, / Өлүп кетти Бозала ат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
– деп, / Сөзүм ушул сизге, — деп, / Жашылданып турду эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Нечен ат жүрөт жер тиктеп, / Тизгинге колу чалынып, / Башы жерге тартылып; / Жашылдантып көздөрүн, / Жаткан аттар дагы бар, / Өлүктөргө артылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…айтат: / — Эки айдын алдында, / Мен бир белги көргөнмүн, / Гүлчоро менен Сейитек, / Каныкей менен Айчүрөк - / Баарыңарды чогултуп, / Бир айтсам деп жүргөмүн, / Жашылдан күрмө жеңи жок, / Жакасынын теңи жок, / Аз жери бар, көбү жок, / Сакалың кыса бир эли, / Аң-таң болуп турганда, / Күрмөңдү силкип кийгин, деп, / Сакалын сылап …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Баарынан да Бекдайырды кара, өмүрүндө бир жымыйып күлбөгөндөй үңүрөйгөн терең көзү жашылданып, алдына бирөө бирдеме таштай салса бакырып барып, баса калчудай болуп отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →