жашыл

китептерде 71 жолу, 10 китепте
  1. Көгөрүп турган чөп сыяктуу түс.
  2. Көктөп-бүрдөгөн, куурабаган көк чөптүү, көгөрүп, жашарып турган өсүмдүктөрү бар, көк жашаң.
  3. Көк чөп, куурай элек көк жашаң өсүмдүктөр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтын чырай нур бети, / Аттанып бура тартарда, / Күүгүмдөкү устадай, / Көк жашыл тартып көрүндү, / Жалгыз кара бир башы, / Капкайдан келген чоңдорго, / Жалтанбастан өмүлдү, / Жан соогалап кылчайбай, / Бул айылдан бөлүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кеткенин билип калмактын, / Катын баасы арбактын, / Сары жашыл жалпак бет, / Намысы жок акмактын, / Аркасында аскерди, / Абалы кантер экен, деп, / Акмалап туруп калганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сары барпы, көк жашыл, / Адам укпас нечен бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жер күлгүндөй көрүнүп, / Көк ала жашыл саймадай, / Чөптүн гүлү бөлүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деп Ыйманкул жашыл кетсе болобу!.. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →