жашык
- Абдан арык, даамы жок, супсак (эт жөнүндө).
- Болор-болбос нерсеге мууну бошоп кетүүчү кайратсыз.
- Өтүмү жок, тартынчаак, өтүмсүз.
- Жумшак, ийилчээк, курч эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жылгындуу кеңкол Таласы, / Асман ачык, жер бүркөк, / Алда кандай болот деп, / Адамдын баары дүркүрөп, / Жүрөгү тайкы кишинин, / Сийдиги агып бүркүрөп, / Жашыктар ыйлап бүлкүлдөп, / Мен мыктымын дегендер, / Найзасын кармап тура албай, / Токтобой колу сүлкүлдөп, / Тоо токтобой жаңырып, / Кайберендин баарысы, / Акылынан жа…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жайылып аккан жерлерге, / Жар туруштук бере албай, / Жашык адам жанына, / Жакындап барып тура албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Өзү сөлдөйгөн, узун бойлуу, көзү жашык, жүүнү бош гана жыйырма курактарда пыштайган сары жигит.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Нечен күн, нечен түн жол жүрүп, каны калып бир кашык, эти калып көк жашык, буту серпилбей калганда бир караан көрүнөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →