жашы
- Мууну бошоп ыйлагысы келүү, зээни кейүүдөн, толкундоодон ж.б. мууну бошоп кетүү, ыйлап жибере жаздоо, көзүнө жаш алуу.
- Оорудан, арыктоодон, катуу кыйналуудан ж.б. эти бошоо, жумшаруу, бошоң тартуу, бөлбүрөк абалга келүү.
- Даамы кетип, супсак болуп калуу (көбүнчө жашык этке карата).
- Мурдагы кайратынан, курчунан ж.б. кайтуу, бошоңдоп калуу.
- Отко салып ысытуудан улам мурдагы катуу абалынан жумшарган, ийилчээк абалга келүү (көбүнчө металлдарга карата).
- Курчтук сапатынан ажырап, майышчаак, өткүрлүгү жоголгон абалга келүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Отузга жашы жетелек, / Опсуз баатыр эр эле, / Өлүп кетти баатыр!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…бак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, / Каныкей, Чүрөк энеңди, / Эр Сейтек, Кененди, / Кыз Куйалы балбанды, / Кыз Кылжыке калганды; / Жашында кеткен Сейитти, / Асылбача-Бекбача, / Эгиз туулган шейитти, / Бекбачадан Сомбилек, / (Кызматын кыргыз эл билет) / Сомбилектен Чигитей, / Тукумсуз жанды кейитти…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Малды ээрчип кетпеди, / Жашы бышты болгунча, / Даакы жүнү түшпөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда туруп мен айттым: / — Андай болсо, агалар, / Сейитек биздин ханыбыз, / Жыргап калдык баарыбыз, / Жашы менен карыбыз, / Силер жатып тургула, / Биз кабарга баралык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жашы кырктардан ашык эмес.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →