жаштык

китептерде 22 жолу, 9 китепте
  1. Жаш кезек, жаш чак, өспүрүм убактан тартып улгая баштаганга чейинки курак.
  2. Өсүп жетиле электик, турмуш тажрыйбасы жоктук, көнүгө электик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Найзасын Сазан имерди, / Чамакташка жиберди, / Билегинде күчү бар, / Он тогузда өзү жаш, / Жүрөгүндө оту бар / Эрдик күчү бир бөлөк, / Жаштык күчү бир бөлөк, / Делбе күч деп бирөө бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаштык кылып Чигитей, / Жадырап туруп алыптыр, / Калтаарып калган немедей, / Жалдырап туруп алыптыр, / Майга тойуп жаткандай, / Канга тойгон Чигитей, / Малмырап туруп алыптыр, / Кымыз ичип, кысыр жеп, / Кымыз арак ичкендей, / Кылчайып элди карабай, / Жайма-жай туруп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Султан Манас баатырдын, / Күмбөзүнө алпарбай, / Алмалууну өрдөдү, / “Жаштык кылып Куйалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көрүшөрбүз да бир күн, / Жан кыйналып күч келсе, / Жаштык кылбай чакыр — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…лап чөптөн үй кылдым, / Жаңылап эттен жегизип, / Жаш тайгандар мен бактым, / Алты айча жаттым бул жерде, / Мында тайган сен бактың, / Ойротту сайып чыкканда, / Жаштык кылып элебей, / Кайгы ойдон чыкканда, / Чуркап жетип барганда, / Тетири ишим чалганда, / Өлүмүш болуп чоң Ойрот, / Арамдык ойлоп жатканда, / Тушай эки бутумду,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →