жаштай
- (жаштайынан). Жаш кезинде, жаш чагынан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качып келе жатыпсың, / Ашкере сени билдим, — деп, / Мөкүбалдуу найзаны, / Булгап алды Жоодар чал, / Кайраты жаштай толкуду, / Качырып кирди карган чал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алек-далек жүгүрүп, / Тизелери бүгүлүп, / Карысы жаштай түйүлүп, / Карап турган кайран эл, / Кара жандан түңүлүп: / “Каарына алса кангайлык, / Кабыргабыз сөгүлүп, / Каныбыз кетет төгүлүп, / Калгандардын караанын, / Кайдан көрдүк, — дегенсип, / Капырай келдик не?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жашыл жээкте Сейити, / Жаштайыңда сени алып, / Тизгин тартпай Таласка, / Бурулбастан түз барып, / Ак калпак кыргыз элиңди, / Айабастан чаап алып, / Жер түгөткөн Кененим, / Жерди майлап сулатып, / Алган жарың Кылжыке, / Өз олжомо аны алып, / Анан келип жатпасам, / Чалкаман түшүп дем алып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эрлигимди көргөнүң, / Кетпейсиң кыргыз элиңе, / Жаштайыңда өлгүнүң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Тукумумду үздүң деп, / Жаш өмүрүң көрбө, деп, / Кубулке каргап Сейитти, / Кээ бир түнү уктабай, / Таң аткынча каргады, / Сейити жаштай өлгөндө, / Каргышка кетти деп калды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →