жашоору
- Көзүн жашылдантып жалооруй кароо, ыйламсыроо, көзүнөн жаш кылгыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Үч бөлөлү элди, деп, / Үч бөлүнүп кирели, / Биз алабыз анда, деп, / Жиберип ийип кишиңди, / Кыргызыңды камдан, деп, / Акчыланып жашооруп, / Айтып келиш кандай кеп?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ошого булар барбайбы, / Оорагын айтып Манастын, / Жашооруп туруп албайбы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Каныкейди какшаттым, / Көрүнгөнгө сабаттым, / Кысыр торпок бактырдым, / Курмушунун үстүнө, / Жуурканы жок жаткырдым, / Катарга албай жүрчү элең, / Канчорону хан кылдым, / Дардаңдаган далайды, / Жашоорутуп зар кылдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →