жатындаш
- Жатыны бирге, бир энеден туулган, уялаш, энеси бир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыттардын хан Калдык, / Кабагы калың өзү саз, / Өңгө киши турмайлык, / Бир курсактан туулган, / Жатындашка сыр айтпас, / Булардын жетип түбүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…тап, / Нескара менен Мурадил, / Уушаң өңдүү зор баштап, / Түп Бейжинге калтырбай, / Беш урукту бүт айдап, / Таласка келип алалбай, / Же муунуп өлүп калалбай, / Жатындашы Ороккыр, / Нескара менен Мурадил, / Сен калмактын Уушаңы, / Коңурбайдан башкасы, / Баары өлүп сулады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…Жакшыны жакшы дебесең, / Атайын келген балаңа, / Медилиң салып сүйбөсөң, / Алтымыш ашкан жашыңда, / Башыңдан өткөн иштерди, / Баш-айагын билбесең, / Атам менен жатындаш, / Абам экен Шыгай деп, / Үйүңө кирсе жаш Манас, / Жөн кишиче күтпөсөң, / Манастан башка киши эмес, / Башка киши ошентип, / Үйүңө сенин түшчү эмес!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олуйа Бакай кар болуп, / Он эки жыл төө бакты, / Унаа минбей жөө бакты, / Кысыр торпок кайтартып, / Мени он эки жыл какшатты, / Жатындаш элек экөөбүз, / Анда бул намысың кайда эле?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жаратканда жалгыз баш, / Айланар жок жатындаш, / Эч болбосо аталаш, / Эсине алар адам жок, / Ар тараптан ичиме, / Ар күнү түшөт кызыл чок!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →