жатын1
- Түйүлдүк же түйүлө баштаган жаңы организм өнүгө турган аялдардын же ургаачы жаныбарлардын ички жыныс мүчөсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Элчиси келсе көрөбүз, / Эп келген жоопту беребиз, / Үйгө барып жай жатың, / Жооп берер мен бармын, / Элчиси келсе кыргыздын, / Мени карай жибериң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайрылышат туугандан, / Кадыры өткөн жатынан, / Белдүүсүнгөн, бийлеген, / Билимдүү мырза залынан, / Кыркына тегиз чакырды, / Ата конуш айлынан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тирүү кантип жүрөсүң, / Эл ичинде көтөрүп, / Жатын чаар бетиңди?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Үзүк менен туурдугун, / Ичмек кылып алгыла, / Бооз катын туш болсо, / Боорунан тилип жаргыла, / Жатындагы баласын, / Такыр сууруп салгыла, / Кемпир менен чалдарын, / Ойноп жүргөн балдарын, / Жүндөй сабап ургула!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жаткан жерде жатын бир, / Жайылганда малы бир, / Жайы-кышы айыл бир, / Айткан кепте акыл бир, / Тамыры туташ такыр бир, / Аралаш жүргөн жети хан, / Айткан кебин акташкан, / Акырет болуп бир-бирин, / Жат душмандан сакташкан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →