жатак1
- Түнөк, жатууга арналган жай, жата турган жер.
- Дайыма жайы-кышы жашай турган жай, жайлоодон көчүп кетпей жашай бере турган жер.
- аңч. Аңдын ар убак жатуучу көнгөн жери, ийини, чээни.
- Жалкоо, жатып ичер.
- Аялдар эркек балдарга карата жактырбоо иретинде айтылуучу жеме сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Текелер зоодо кыйналып, / Топозу жумшак тумшукта, / Айуулар жатак суур казып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кээ жеринде Алмамбет, / Белинен батып балпаңдап, / Ток этерге нерсе жок, / Токтой калып талтаңдап, / Кекиртектен суу кечип, / Мурдуна кирип бырылдап, / Жатагынын дайны жок, / Жаа тартууга алы жок, / Алмаң кирсе куу өрдөк, / Качпай турган жайы жок, / Балыктай секин былкылдап, / Суу ичинде жылтылдап, / Эр Чубактын атынын,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жай-жайына тарашты, / Сүйрөлө басып Тапан хан, / Жатагына баратты, / Арам кор канчык билинбей, / Куткарбасты марашы, / Кумсар сыйкыр эшикке, / Чыккалы кетип баратты, / Тура тургун Кумсар, деп / Куткарбас ага үн катты:…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Намысты колдон кетирип, / Эркиндик бербе душманга, / Күнөөсүн өтпө кечирип, / Сен кечирсең, ал кечпейт, / Башың кетет кесилип, / Касташкан жоо жатчу эмес, / Жатак болбой кечигип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Мен коёндун жатактарын таяк менен салгылап, өлчөп чыгарып турам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →