жасоол
- тар. Болуштун жигити, айыл аткаруучу.
- тар. Падышалык Россиядагы жөө аскерлердин капитанына барабар келген офицердик чин.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Короолош коңшу жүргөндөр, / Жасоол курап чыкпасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ушул жерден биз кайтпай, / Калмактан комдуу нар алып, / Алтын, күмүш жана алып, / Түргөн жибек аны алып, / Жыты сонун жакшы деп, / Каптал-каптал чай алып, / Жасоол болуп калмакка, / Кыргызга келип кол салып, / Бай болом деп жылкысыз, / Арбын малын олжо алып, / Күң кылам деп,кыздарын, / Уулдарын кулданып, / Катындары казан…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мал багып жаткан балдарды, / Жайына койбой аларды, / Өзүнө жандай чаптырып, / Жасоол кылып дагы алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Андан бери калгандан, / Жумуру баштуу адамдан, / Кытайдан келген Алмамбет, / Акыреттин султаны, / Анык жасоол деп угам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Берегинде Чоң Курман жасоол:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →