жасат1
- Дене, келбет, бүткөн бой.
- Сөөк, өлүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Малын алып пул кылып, / Азаматын кул кылып, / Катын-кызын күң кылып, / Бузуп кеткен экөөнү, / Жасатайын бүтүрүп, / Ойлогонум ал эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жасатыңды найзага, / Илип алып, Кененим, / Дабытайга барбасам, / Талана атым курусун, / Алтын жака асыл тон, / Сыйлыгымы албасам!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алдындагы Карасуу, / Аскадан түшпөй шар аккан, / Тоону койуп түбүнө, / Тактайдан кынап жасаткан, / Оозунан ылдый агызган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мындан башка жумушка кирүүнүн ордуна элдин көбү жоого аттанчуудай ат жаратып минип, ээр токумун жабдып, айбалта, найза жасатып, күн-тун дебей чакылдатып, усталарды узантып жаткан сыяктуу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жагалым алтындан көмүркөй жасатып, карындашын ошого салып коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →