жасан
- Кооздонуу, өзүн кийим-кече жана башка жасалгалар аркылуу көрктүү, кооз көрүнүшкө келтирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лдык камданган, / Базарда жүргөн катындан, / Баарын билген жакырдан, / Чычкан ооз, бака көз, / Ээги түшүп калса да, / Эпилдеп айткан кыйын сөз, / Барынча кийип жасанган, / Базарга барган азандан, / Кечкече өзүн саткандан, / Кеч киргенде кайткандан, / Тартынбаган кандайдан, / Таамай кебин айткандан, / Жалганды чындай эптеген, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Баккан атам менин бар, / Абыдан дайынын айтайын, / Сакалы узун бириндеп, / Узун бойлуу чал сакал, / Кара сур эмес ак жүздүү, / Жасанып кийим кийбеген, / Жалтылдашты билбеген, / Бүкмөсү жок бүдөмүк, / Билгенин таамай сүйлөгөн, / Үйүнө кирсең зайыбы бар, / Билбеген аны жинди дейт, / Анткен менен…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ортосу агын суу экен, / Тоонун башы карагай, / Өзөндө кайың, талы бар, / Бөксөсү четин, сап ыргай, / Арчанын жыты аңкыган, / Жасанган кыздай келбети, / Нечен тоолор заңкайган, / Чалкак-чалкак төрлөрү, / Чатырап нечен көлдөрү, / Бу жерге келген кыргыздар, / Мындай жерди көрбөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кабылан Манас баатырга, / Калп айтып кандай барабыз, / Сакал-мурут жетилер, / Жайын укса элибиз, / Жалпы эле муну кечирер, - / Алмамбет муну айтканда, / Түшүнүп сөзгө кайран эр, / Жүрүп кетти жолуна, / Жасанышкан эки шер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Манаттан кылган көрпөчө, / Кош басмайыл тарттырып, / Бош агытып Буурулду, / Калмактарча жасанып, / Канчоро менен Гүлчоро, / Алдына кирди бастырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →