жасалма

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Табигый эмес, тубаса эмес, чыныгы эмес, адам колунан жаралган, атайын жасалган.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жасалмалуу сөзүңдүн, / Ширесин кийин угабыз! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чачын тарап саксайып, / Кемпир болуп кубулуп, / Чала-була жөтөлүп, / Белин сүйрөп мөкчөйүп, / Чеңгелге толбой чөкчөйүп, / Жасалма мастан Желмогуз, / Сейитке карап жалооруп, / Убайым батпай ичине, / Үшкүрүнүп тим эле, / Үнүн муңдуу чыгарып: / — Айланайын чырагым, / Ашыгып кайда барасың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жасалма айбан шерлери, / Эмгичекти дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жасалма кебин алышты, / Уйалып өңү бозорбой. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →