жасалга

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Кооздоо, шаанилүү, иреттүү түргө келтирүү үчүн зарыл болгон буюмдар, ар кандай жабдуулар.
  2. Салтанаттуу, шаанилүү түргө, тартипке келтирилген абал, көркөм, кооз түргө келтирилген көрүнүш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Туурда куштай кагынып, / Туралбай Сарык чамынып, / Ок өтпөскө жасалган, / Олпок тонун жамынып, / Хан Бакайдан бата алып, / Ак калпак кыргыз алаштан, / Алымсарык аттанып, / Тоо экен деп жазганбай, / Чоң экен деп апкаарбай, / Манаст… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Түндө жанган чырагы, / Жасалган сонун ал дагы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Кандагайы Семеңдин, / Анысы мындай жасалган: / Чоң Ополдо көп теке, / Экитишти багылага бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Молдо төргө чөк түшүп, кашын серпип көздү жумуп, куран окуп жатканда, мен үстөлдө не бир түрдүү кылып жасалган ширин нандарды көзүмдүн алды менен бир сыйра кыдырып өттүм. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Хан аябай кубанып, баланы мончого түшүрүүгө буйрук берип, андан кийин жакшылап кийинтип, тамакка тойдуруп, анан кооз жасалган бөлмөгө жаткыртып койду. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →