жасаган

китептерде 45 жолу, 10 китепте
  1. Жараткан, кудай.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сегиз миң жыл жашаган, / Адам ойлоп тапкысыз, / Нечен ишти жасаган, / Кутулбады Жүйрүн дөө, / Керк көтөрбөй, пил минбей, / Антип жүргөн нечен дөө, / Кутула албай баарысы, / Колунан кетип намысы, / Кучагын жайып кулачтап, / Жерди жыттап калышы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Сыйкыр менен жасаган, / Пилин торго албаган, / Тогуз кабат темирге, / Оролуп Сыргак эр калган! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өкүмүң өткүр жасаган, / Өзүңө жанды тапшырдым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Биз жей турган эленбеген кара нанды кайрачкайра жасагандан эринип, көп кылып, бир гана жасап алат да, сактай берип аны көгөртүп салат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Аты айткан ишти жасаганда жол ачылат да, атын жетелеп кирип жатса, оң жактан дагы бир кичине каалганы көрөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →