жарым-жарты

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Анча-мынча, бир аз, толук эмес, толук баалуу эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Андан ары барганда, / Сагызган ашуу сайылма, / Ат жүргүссүз тайкылма, / Сагызган ашуу ашканда, / Теңиң калып, теңиң жок, / Адамың, атың тең окшош, / Жарым-жарты калабыз / Эки айда Бейжин барабыз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Дагы айтар бир кеп бар, / Бул олтурган жалпыңа, / Жарты айак аш ичип, / Жарым-жарты малын жеп, / Жол бойунда кез болгон, / Жалпы элге катылба, / Жаның калбайт тениңде, / Жазыгың кийин угулса! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Силердин элдин жарым-жартысы Сарытологойдо, калганы Чоң-Таш, Жылуу-Булакта. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →