жарым

китептерде 93 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсенин теңи, экиге бөлүнгөн нерсенин бир бөлүгү, бир бүтүндүн орто жери же жартысы.
  2. Толук эмес, кем, аз, начар, кемчилдиги бар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мелтиреген көл калды, / Жарымы ачуу ичкисиз, / Жарымы таттуу балга окшош, / Аккан дайра суу калды, / Талкан чалган немедей, / Уйуп жаткан суу көрдү, / Жайы-кышы өчпөгөн, / Күйүп жаткан от көрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Укмушту Жакып баштады, / Чыйырдыны талаага / Алып барып таштады, / Болуп калды жарым ай, / Азык ташып баккалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Каржиликтен кыйратып, / Оң колун анын сындырды, / Жарым жан кылып тындырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– дегендин ортосунда Кыраанкара жарым күндүк жолго жүрүп кеткен экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →